Видео. Кытайда жүк ташыган кеме оодарылып кетти
Поделиться в:
Кытайдын Чон Кинг провинциясында жүк ташыган кеме кечээ 9-июлда эртең мененки 11:40 тар чамасында Янцзы дарыясына чөгүп кетти. Бул окуяны жергиликтүү элдер чөгүп жаткан кемени видеого тартып калышкан. Чет элдик маалымат каражаттарынын берген маалыматына караганда жабыркагандар болгон эмес. Экипаждын бардык жети мүчөсүн жергиликтүү куткаруу кызматкерлери убагында жардам көрсөтүштү. Кеме цемент ташып келе жатып, суудагы урчуктуу жарга тийгенден улам оодарылып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/video-kytajda-zhk-tashygan-keme-oodarylyp-ketti
Добавить комментарий ×