Видео. Кыргыз Тайсону жегичтер аша чаап кетпегиле, эсиңерге келгиле!, деп эскертип көзүнө жаш алды
Эрежесиз эр уруш (ММА) мушкери, кыргызстандык Канатбек (Тайсон) Келдибеков байларга, өзгөчө чоң кызматта иштеп байыган адамдарга кайрылып, кайрымдуу болууга чакырды. Ал акчаны ыксыз чачып жаткандарды мисал кетирип, аларды муктаждарга жардам берүүгө үндөйт. Бул тууралуу ал машыгууда кросстук чуркоодон келе жатып билдирди. Буга байланышкан видеону ал өзүнүн instagram баракчасына жарыялады. Видеодо кыргыз Тайсону бирөө сокур тыйынга жетпей жатса, айрымдар акчаны сапырганын, жегич уурулар элдин канын соруп, жакырчылыктан элибиз кыйналып жатканын айтып жатып көзүнө жаш алат.
Тайсон каймана ат менен таанымал мушкер Канат Келдибеков эрежесиз эр уруш борюнча 15 беттеш өткөрүп, 11 жолу жеңишке жеткен. Акыркы жолу октябрь айында Грозный шаарында (Чеченстан) өткөн ACA (Absolute Championship Akhmat) эл аралык мушкерлер мелдешинде чемпиондук кур үчүн беттеште ал орусиялык Дуквах Астамиров утуп алган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyz-tajsonu-zhegichter-asha-chaap-ketpegile-esierge-kelgile
Добавить комментарий ×