Видео. Көп кабаттуу үйдүн квартирасында жашаган үй-бүлөнүн бөлмөсүнөн жылан чыкты

23 мая 2019 11:50 7557 Barometr
Поделиться в:
ok


22-майда Казакстандын Актау шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган түгөйлөр өздөрүнүн батириндеги жуунучу бөлмөдөн тирүү жыланды табышты.

Lada.kz басылмасы белгилегендей, окуя 3-кичирайондо катталган.

Батир ээлери жыланды видеотасмага тартып алышкан жана анда аялы-күйөөсү капыстан эле алардын батиринен табылган тирүү жандыктын унитаздан чыккандыгын божомолдоп жаткандыгын угууга болот.

Жыландын башка жол менен батирге кирүүсүнө эч кандай жол жок экендигин белгилешкен үй ээлери аны банкага салып алышып, талаага таштап келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kp-kabattuu-jdn-kvartirasynda-zhashagan-j-blnn-blmsnn-zhylan-chykty



Добавить комментарий