Видео. Манас Ниязов "Көк-бөрү" оюнунун учурунда эмнеге мушташканын айтты

8 мая 2019 12:42 21708 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 8-май күнү Жеңиш күнүнүн урматына Чолпон-Ата шаарынын ат стадионунда өтүп жаткан көк бөрү боюнча турнирде “Достук” жана “Сары-Өзөн” командаларынын оюнчулары Манас Ниязов менен Нурбек Юсуповдун ортосунда пикир келишпестик жаралып алар аттан түшүп мушташып кетишкен. Ал эми эки көк борүчүнүн командасындагылар да аталган жагдайда карап турбастан өз тарапташтарына жан тартып ат үстүндө камчылаша кетишкен. Бул видео интернетке тарап эки тараптын күйөрмандарынын жана колдоочуларынын ортосунда катуу талкууга түшкөн. Массалык мушташтан кийин эмне болгону тууралуу Манас Ниязов Barometr.kg сайтына айтып берди.

-Саламатсызбы Манас, кечээки пикир келишпестике кандай комментарий бере аласыз?

-Биз Нурбек менен ошол жагдайдан кийин кайра эле элдештик. Экөөбүз дагы жабыр тарткан жокпуз, абалыбыз да жакшы.

-Аталган пикир келишпестик кандай себептен улам келип чыкты?

-Жөн эле экөөбүз айтышып кеттик. Ал жерде эч нерсе деле болгон жок, видеону таратып жиберишиптир. Оюнда андай учурлар көп болуп турат, биз ал жерден урушкан болсок кайра эле оюн бүткөндөн кийин күлүп, кол алышып кеттик. Болгон окуя ошол жерде эле калат. Ортомчулар дагы болгон жок.

-Маегиңизге чоң рахмат!

Эске салсак, Манас Ниязов 2016-жылы "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу" аталган, курама команданын жана "Достук" тайпасынын курамында бир нече ирет кан кызыткан беттештерде сыйлык-наамдарга татыган.

 Ал эми аталган беттеште 10:4 упай менен “Достук” командасы жеңишке жеткен.

Нурбек Юсупов



Ссылка: https://barometr.kg/video-kk-brch-zhigitter-manas-niyazov-menen-nurbek-yusupov-katuu-mashtashyp-ketishti-oyunda-andaj-zhagdajlar-kp-bolup-turat



Добавить комментарий