Видео. Казакстанда мыйзамсыз митингге чыкты делип жүздөгөн киши кармалды

8 июля 2019 11:27 1119 Barometr
Поделиться в:
ok


Алматы, Нур-Султан, Актөбө жана Шымкент шаарларында 6-июль күнү жүздөгөн адамдарды полиция кармап кетти. Алар “Казакстандын демократиялык шайлоосу” кыймылынын жетекчиси Мухтар Аблязовдун өкмөткө каршы митингдерин колдоо иретинде чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, кармалгандардын айрымдары 15 суткага камалды, айрымдарына айыппул салынды.

Кармалган жарандар азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатка макул эместигин билдиришкен.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы борбордук стадиондо 70тей кишинин кармалганына күбө болгонун кабарлады. Көз карандысыз Vlast.kz сайты кармалгандардын саны жүздөй экенин билдирүүдө.

Бул арада Шымкент шаарында 6-июлда кармалгандардын айрымдары бошотулду. Жалпысынан бул күнү шаардын борбордук аянтына чыккан 50дөй адам кармалган. Алардын баарына “мыйзамсыз митингге катышкан” деген айып тагылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-kazakstanda-myjzamsyz-mitingge-chykty-delip-zhzdgn-kishi-karmaldy



Добавить комментарий