Видео. Катуу жааган мөндүрдөн унаалар көмүлүп калды
Мексиканын батыш бөлүгүндөгү Халиско штатында болгон мөндүр аралаш катуу жаандан улам жолдор толук бойдон жабылды. Бул тууралуу news.com. кабарлады.
Мөндүр ушунчалык көп жаагандыктан анын калыңдыгы 1,5 метрге жетти. Айрым көчөлөрдү мөндүр аралаш суу каптап, бир нече адамды үйлөрдүн чатырынан куткарып алышты.Көптөгөн унааларды муз аралаш мөндүр көмүп калды.
Кечээ болгон табият кырсыгына байланыштуу куткаруучулар түнү бою иштешти.
Ссылка: https://barometr.kg/video-katuu-zhaagan-mndrdn-unaalar-kmlp-kaldy
Добавить комментарий ×