Видео. Катуу ысык келе жатат, 15 миңден ашык адам каза табышы ыктымал
Европанын батыш бөлүгүнө Африкадан катуу ысык келе жатат, 2003-жылдагыдай болуп 15 миңден ашуун адам каза табышы ыктымал. Бул тууралуу kratko-news.com. кабарлады.
Испания Улуттук метеорологиялык кызматы өлкө жарандарына ушул аптадан тартып рекорддук көрсөткүчтөгү ысык келерин эскертти. Африкадан келе турган ысыктан улам абанын температурасы 45 градустан жөн эле ашмакчы.
Метеорологдор Мадридде 41 градус ысык болорун белгилешти. Метеоролог Сильвия Лапланна жергиликтүү телеканалага “Тозок келе жатат” деп маалымат берди.
Мындан тышкары ысык агым Батыш Европанын көпчүлүк бөлүгүн каптамакчы. Коркунуч тууралуу эскертүүлөр Франция, Италия, Швейцария, Германия жана Бельгияда айтылууда.
Температуранын нымдуулугунан улам 40 градустук ысык бул аймактарда 47 градустай сезилмекчи.
Эскерте кетсек, Францияда 2003-жылы катуу ысык болуп 12-августта анын көрсөткүчү 44,1 градуска жеткен. 15 000 адам каза тапкан.
Франциянын Meteo France-улуттук метеорология борбору кийинки аптага чейин ушундай ысык сактала турганын эскертүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/video-katuu-ysyk-kele-zhatat-15-miden-ashyk-adam-kaza-tabyshy-yktymal
Добавить комментарий ×