Видео. Каниет Жыргалбеков: "Жигиттен жолу жок блогер кыздын видеолорун ата-энеси да көрөт экен"
“Кечки Бишкек” берүүсүнүн алып баруучусу, 5-каналдын журналистти Каниет Жыргалбеков өзүнүн социалдык баракчасына телеканалга конокко келген өзүнө нааразы болуп, жигиттен жолу жок интернеттеги блогер кыз тууралуу билдирүүсү талкууга алынды.
“Абу кыз жанагы интернетте өзүнө нааразы эле боло берген, жигиттен жолу жок кыз аты Үмүтай экен интернетте @kg.159 деп кирет экен. Эфирге чакырганыбыздын себеби ата-энеси эмне дейт экен ошондой видеолорун көрсө дедик эле. Көрсө ата-энеси 18 жашка чыктың өзүң бил деген деп, анан да ошол видеолорун ата-энеси да көрөт дейт. Анан дагы интернетте хайп жаратып анын аркасынан реклама кылып акча табат. Учурда иши кылып өзүн өзү багат экен.
Замандын агымыбы же батыштын модасыбы айтор ошонун аркасынан ырыскы издегендер бар тура. Эч нерсе дебейм, себеби ар ким өзүнүн оюна келгенин кылган заман болуп калбадыбы” – деп билдирди.
Каниет Жыргалбековдун блогер кызга болгон пикири коомчулукка талкууну жаратты.
Колдонуучулары “Кызга кырк үйдөн тыйуу”, “Энесин көрүп кызын ал” “Атың чыкпаса жер өрттө” ж.б. билдирүүлүн калтырып жатышты.
Азыркы замандын ата-энелери да балдары баш болуп заманбапташып башка нукка бурулуп баратканын да ушундан байкасак болчудай.
Ата-энелер балдарыбызга ыйман, тарбия берели!
Ссылка: https://barometr.kg/video-kaniet-zhyrgalbekov-bloger-kyzdyn-videolorun-ata-enesi-da-krt-dejt
Добавить комментарий ×