Видео. Калаанын мэри арыктан аттап өтөрдө баткакка тайгаланып кулады

6 июня 2019 12:03 7772 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Россиянын Омск шаарынын мэри Оксана Фадина “элге жакын болушум керек” деп кыдырып жүргөн кезде баткакка тайгаланды. Бул тууралуу Mash Telegram-каналы кабарлады.

Ал кыдырган көчөлөр баткак жана ылай эле, ошондуктан мэр суу болуп калган жерди аттап өтмөк болгон. Бирок бул маневр ишке ашпай Оксана Фадина тайгаланып жыгылды.

Мындай учурду журналисттер тартып алып элге жарыялашты.

Омск шаардык мэриясы жазууну өчүргүлө деп эскерткенине карабай бул видео тарап кетип соцалдык тармакта кызуу талкууга түшүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kalaanyn-meri-aryktan-attap-trd-batkakka-tajgalanyp-kulady



Добавить комментарий