Видео. Кайрат Нуртас Джоннинин "Күттүм ай" деген ырын казакча ырдап чыкты
Ырчы Кайрат Нуртас кыргыздардын "Күттүм ай" деген чыгармасын казакча ырдап жаздырып жаткан видеосу интернет баракчаларына тарады. Белгилүү болгондой кыргыздын Джонни деген жаңы чыгып келе жаткан ырчысы автору "менмин" деп ырдап жүргөн. Эми бул чыгарманы кыргыздын автору Кайратка сатып жибергенби, айтор эки элдин ырчылары ырдаган чыгарманы көпчүлүк кимиси жакшы ырдаган деп талкууга коюшту. Ырчы Джонни жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде: "Казакстандын ырчыларынан эле 4-5 ырчы байланышка чыгып ырды сатып алууга кызыкдар экендигин айтышты. Эң алгач Кайрат Нуртастын менеджери чалып “Кайрат Нуртас сиздин ырыңызды аткарууга кызыкдар” деген оюн айтты. Бирок мен бербей, ойлонуп көрүүнү туура көрдүм. Себеби бул ырды казак тилине которуп өзүм аткарып чыксамбы деген оюм бар эле"-деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/video-kajrat-nurtas-dzhonninin-kttm-aj-degen-yryn-kazakcha-yrdap-chykty
Добавить комментарий ×