Видео. Ивановка айылынын тургуну чупакабраны өлтүрдү

8 июля 2019 10:19 6428 Barometr
Поделиться в:
ok


Украинанын Ивановка айылынын тургуну өзүнүн короосунан таң калыштуу жырткычты өлтүрдү, жергиликтүү тургундар муну аңызга айланган айтылуу чупкабра деп жатышат.Бул тууралуу news.com. кабарлады.

Жергиликтүү тургундардын бири короосун тазалап жаткан маалда кышкыга отун кылууга жыйып койгон дарактын таарындыларынын жанында иттер катуу үрүп жатканын байкаган. Эркек киши караганы барып таң калыштуу жандыкты көргөн.

Адегенде бул түлкү экен деп ойлоп, таяк менен кубалаганга аракет кылып, бирок кубалап баратып кокусунан өлтүрүп алган. Андан кийин чуңкурга ыргытып салган. Коңшулары аны карап көргөндөн кийин бул легендарлуу чупакабрда деп чыгышты. Ошондон кийин бул тууралуу видеону тартышты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-ivanovka-ajylynyn-turgunu-chupakabrany-ltrd



Добавить комментарий