Видео. Ишкер 13 килограмм алтын тагынып жүргөндөн бери айласы кетүүдө

10 июня 2019 15:36 3244 Barometr
Поделиться в:
ok


Вьетнамдык ишкер Тран Нгок Пхук фен-шуйдун мыйзамдарын сактап, акчам көбөйсүн деп ырымдап көп алтын сатып алган. Эми өзү эч жакка чыга албай аны 5 жан сакчы коштоп жүрүүдө.  Бул тууралуу bigpicture.ru кабарлады.

36 жаштагы ишкер ар бири 500 граммдык эки браслет, төрт шакек, 5 килограммдык чынжыр тагынып жүрөт.Ошондой эле дагы 5 кг турган чынжыры да бар. Анын мындай “жалтырак-жултурагы” баш-аягы болуп 13 килограммды түзөт.

Жан сакчылары ары бери өтүп аны кармалап көргүсү келген адамдардан коргош үчүн күнү-түнү анын жанында.

Ишенип алганданбы же фен-шуйдун ырымы чындап иштеп атабы ишкердин иши жүрүшүп, Хошиминде бир нече караоке клубдарынан акча таап жаткан кези.Ал өзү абдан кедей үй-бүлөдөн чыккан, бирок 20 жашында миллионер болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-ishker-13-kilogramm-altyn-tagynyp-zhrgndn-beri-ajlasy-ketd



Добавить комментарий