Видео. Исхак Масалиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы уруша кетишти

17 апреля 2019 16:22 2832 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште болгон жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев менен спикер Дастан Жумабеков эл өкүлдөрүнүн сөз сүйлөө убактысын белгилөө боюнча чатакташа кетишти.

“Урматтуу төрага, келгиле акылдашалы беш мүнөткө чейин болсо беш мүнөткө чейин берели, анан ортого чыгып алып регламентти бузбайлы. Кааласа беш мүнөткө чейин, кааласа бир мүнөт сүйлөйт, аны чектөөнүн зарылы жок. Туура эмес токтомду жокко чыгарыш керек”,-деп кайрылды Масалиев.

“Алып келиңиз карайлы. Эмнеле деп жатасыз, мен чечип жаткансып? Мындай нерселер палата менен чечилет. Менин колуман эмес. Мен байлап койгонсуп эле мага асыласыздар”,-деп нааразы болду төрага.

Депутаттар алардын чаташпоосун өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ishak-masaliev-menen-zhogorku-keeshtin-tragasy-urusha-ketishti



Добавить комментарий