Видео. Иорданияда Манас айткан жигитти эл коштоп кол чабышты

29 апреля 2019 19:03 1542 Barometr
Поделиться в:
ok


Иорданияда Манас айткан жигитти эл колдоп кол чапты. Бул тууралуу видеону Фейсбуктун колдонуучусу Максат Жангазиев бөлүштү.

“Мына бул нукура кыргыз жигитин караңыздарчы! Өзү Иорданияда билим алып жүрөт. Минтип Манас айтып, чет элдиктердин оозун ачырыптыр... Тим эле төбөсүнө көтөрүп алкаганын карагыла”,-деп жазды сыймыктанган Максат.

Соцтармактын колдонуучулары бул постко жакшы пикирлерин калтырышууда.

Эскерте кетсек, Иордания Иордан дарыясынын жээгинде жайгашкан араб мамлекети. Борбору Амман шаары.

Ссылка: https://barometr.kg/video-iordaniyada-manas-ajtkan-zhigitti-el-koshtop-kol-chabyshty



Добавить комментарий