Видео. Илим Карыпбековдун тайэнеси депутаттар жөнүндө пикирин айтты

22 апреля 2019 15:05 2153 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн тайэнеси менен болгон маектери менен карапайым калктын пикирин билдирип жатат деп бөлүшүп келет. Бул жолу ал тайэнесине "депутаттардын кимиси кыйын?" деген суроо узаткан.

Тайэнеси өз пикирин айтып жатып бардык депутаттардын артында таанышы бар, таза киши жок ал жерде, мен ошентип ойлоймун деп айткан. Албетте тайэнеси өз учурунда кыйындары деле бар, бирок алар талпынып чыга албай жатышат дейт.

Ал эми Карыпбеков бул видео тууралуу:

“Тайэнем депутаттар, саясат жөнүндө оюн улантат. Тайэнемди карап ойлоп койом, көп жогорку жактагы адамдар эл түшүнбөйт деп ойлойт, бирок карапайым элибиз баарын сопсонун көрүп, билип, түшүнүп эле турат”, -деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ilim-karypbekovdun-tajenesi-deputattar-zhnnd-pikirin-ajtty



Добавить комментарий