Видео. Грек-рим күрөшү. Тынар Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн таймашат

14 сентября 2019 21:39 1787 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык грек-рим күрөшүнөн балбан Тынар Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн көңүл жубатуучу (утешительная схватка) кармашка чыгат.

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде Тынар 63-кило салмакта күч сынашып, чейрек финалда 2018-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону, япон балбаны Шинобу Ота’га жеңилип калды.

Ота жарым финалда казак балбаны Алмат Кебиспаевди утуп финалга чыкты. Бул Тынарга коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк болду. Эрежеге ылайык япон балбанынан жеңилгендер өз ара коло байге үчүн таймашат.

Көңүл жубатуучу этапта Тынар эртең, 15-сентябрда Беларустук Максим НЕХОДА менен кармашат. Аны жеңсе, япон балбанынан жарым финалда утулган казакстандык Алмат Кебиспаев менен Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун "unitedworldwrestling.org" сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-grek-rim-krsh-tynar-sharshenbekov-djn-chempionatynyn-kolo-bajgesi-chn-tajmashat



Добавить комментарий