Видео. Футбол: Гүлжигит Алыкулов өзү жалгыз 6 атаандашын жазгырып өткөн чабуул жасады

30 сентябрь 2019 12:22 1824 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Неман-БАТЭ беттешинде 6 атаандашты жазгырып өткөн чабуул жасап, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

Кыргызстан улуттук курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит ойногон беларустун “Неман” клубу кечээ өлкө чемпионатынын лидерлеринин бири БАТЭге каршы конокто оюн өткөргөн.

Беттеште “Неман” 1:0 эсебинде утулуп калды.

Деген менен Гүлжигит Алыкулов өзү жалгыз Беларус чемпионатынын мыкты командасынын 5-6 оюнчусун жазгырып өтүп, командалашына гол киргизе турган өтө ыңгайлуу чыгарып берүү жасаган. Тилекке каршы өнөктөшү ал учурда пайдалана албай, топту дарбаза сыртынан тээп салды.

Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу, “Неман” клубунун көзгө басар оюнчусу Гүлжигит Алыкулов жаракатынан айыгып, өткөн турдан тарта эле оюнга чыгып баштаган. Жаракатта чыкканда эле жеңүүчү голду киргизип, командасына 3 упай алып келүүгө салым кошсо, кечээ мыкты чабуул, ыңгайлуу чыгарып берүү менен көзгө көрүндү.

Ссылка: https://barometr.kg/video-futbol-glzhigit-alykulov-z-zhalgyz-6-ataandashyn-zhazgyryp-tkn-chabuul-zhasady



Добавить комментарий