Видео. ФСБ менен ЦРУнун “тыңчылары” Бишкекте чатакташты

24 май 2019 22:37 1273 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн, 24-майда Бишкекте жарандык сектордун өкүлдөрү тарабынан уюштурулган тегерек столдо катышуучулардын ортосунда чатак чыкты.   

Иш-чарага укук коргоочулар Динара Ошуракунова, Рита Карасартова, экс-депутат Равшан Жээнбеков,  Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдор катышты.

Жарандык сектордун өкүлдөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин реформалоо боюнча өз көз караштарын билдиришти. Негизинен УКМКдан Коррупцияга каршы кызматты бөлүү керектиги айтылды. Катышуучулардын пикиринде УКМК  коррупция менен күрөшүү эмес, улуттук коопсуздук жана чалгындоо менен иш алып баруусу керек. УКМКнын ишмердиги сынга кабылды.

Иш-чаранын маалында анын катышуучуларынын бири  айрымдары кээ бир күчтөрдүн пайдасы үчүн өз пикирин айтып жатат деп билдирди. Анын айтымында уюштуруучулар элдин атынан сүйлөөгө акысы жок, анткени башка өлкөлөрүн агенттери болуп саналат. Ушундан кийин иш-чараны уюштуруучулар андан залдан чыгып кетүүнү өтүнүштү. Бирок тигил адам УКМКны реформалоого каршы болуусун улантты.

Тегерек столдун катышуучулары журналисттердин көзүнчө бири-бирин Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) жана Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) тыңчылары деп чатакташып талашып, тартышты. Токтакунов бул киши Россияны жактаган тыңчы, ал ФККнын сунушу менен бул иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу үчүн келген деп чыкты.ФКК Кыргызстандын душманы болуп саналат деп, Россиянын атайын кызматын Кыргызстандын коопсуздугуна байланыштуу оор кылмыштарга күнөөлөдү. Анын оппоненти өз кезегинде Токтакуновду АКШнын тыңчысы жана Кыргызстандын душманы деп атады.

Эскерте кетсек, ФКК  (ФСБ) менен БЧБ (ЦРУ) – дүйнөдөгү эң таасирдүү атайын кызматтар болуп саналат.

Дүйнөнүн мындай таасирдүү кызматтары Бишкекте чакан топ уюштурган иш-чарага кызыгып калышы  чоң күмөн жаратат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-fsb-menen-crunun-tychylary-bishkekte-chataktashty



Добавить комментарий