Видео. Филиппинде "Мангхут" тайфундан каза болгондордун саны 81ден ашты

20 сентября 2018 14:25 920 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Мангхут"деп аталган кыйраткыч шамал  Филиппинди талкалады. "Синьхуа" маалымат агенттигинин берген расмий маалыматтарына ылайык учурда тайфундан каза болгондордун саны 81ден ашты. Ал эми 70тей адамдардын дайыны билинбейт. Куткаруу иштери шамалдан жабыркагандар айрыкча Филиппиндин Бенгет провинциясында жүрүүдө. Бийлик тараптан калкты куткаруу иштери ыкчам түрдө жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти. Кырсыктан өлкө расмий булактардын билдиргенине караганда 14,3 млрд филиппин акчасы, башкача айтканда 264,3 млн долларга чыгым болгон. 

"Мангхут" кыйраткыч шамалы ишемби күнү өлкөнүн Лусон аралына жетип, жаан менен коштолуп, аралдын жээктерин суу каптаган. 


Ссылка: https://barometr.kg/video-filippinde-manghut-tajfundan-kaza-bolgondordun-sany-81den-ashty



Добавить комментарий