Видео. Фестиваль көргөнү барган пенсионерди бука тебелеп өлтүрдү
Поделиться в:
Коркунучтуу кадрларды нерви жука адамдар көрбөй эле коюсун суранышты. 74 жаштагы улгайган адам Испанияда салттуу болуп калган Toro Embolao фестиалына барган кезде аны салмагы бир тоннадан ашкан бука тебелеп өлтүргөн. Бул тууралуу news.com. кабарлады.
Хуан Хосе Варрону элдер ачык аянтка эптеп сүйрөп чыгышкан, бирок бука экинчи ирет кайра келип сүзүп салган.
Бука пенсионерден тышкары дагы бир эркекти сүзгөн. Бактыга карай ал аман калды.
Мындай февтиваль Испанияда 1976-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Ал эң башкы туристтик көргөзмө да болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/video-festival-krgn-bargan-pensionerdi-buga-tebelep-ltrd
Добавить комментарий ×