Видео. Эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков U23дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

29 октября 2019 21:57 2475 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу “barometr.kg” сайтына жеринен машыктыруучу Сүймөнкул Табалды уулу билдирди.

Улукбек Жолдошбеков жакшы күрөш алып барып жатат. Эми жарым финалда япон балбаны Рютаро Хаяма менен кез келет. Улукбек чабуулга басым жасап күрөшүшү керек”, - деди машыктыруучу.

61 кило салмакта күрөшүп жаткан кыргыз балбаны чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде утуп алды. 1\8 финалда украиналык Валентин Блясецкийди, квалификациялык этапта түрк балбаны Селехитдин Сертти уткан.

 Ушул күндөрү Венгринын борбору Будапешт шаарында спорттук күрөштөр боюнча U23 дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/video-erkin-krshch-ulukbek-zholdoshbekov-u23djn-chempionatynyn-zharym-finalyna-chykty



Добавить комментарий