Видео. Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин спорттук клубунун мушкери Азия чемпиону болду

17 ноября 2019 23:40 2677 Barometr
Поделиться в:
ok


Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өткөн бокс боюнча жаштар арасында Азия чемпионатында кыргызстандык мушкер Нурадин Рустамбек уулу жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынды. 69 кило салмакта таймашкан Нурадин финалда өзбекстандык боксчу Нурислом Исмоиловду утуп, чемпион болду.

Нурадин Рустамбек уулу Жалал-Абаддын Барпы айылындагы “Тай Мурас” спорттук клубунун тарбиялануучусу болуп саналат.

Бул ийгиликти аталган спорттук клубдун негиздөөчүсү, саясатчы Камчыбек Ташиев фейсбуктагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. Экс-депутат баракчасына чемпион Нурадиндин чейрек финалда Түштүк Корейлик мушкер менен беттешинен тартылган видеону жайгаштырып:

 “Кыргызымдын гимнин ойнотуп, туусун желбиреттик!!!

Азиянын жаштар арасында чемпиону Нураидин Рустамбек уулу, ск "Тай Мурас" с.Барпы. Кыргызстан чемпион!!! Барпы чемпион!!!”, - деген кыскача билдирүү калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-eks-deputat-kamchybek-tashievdin-sporttuk-klubunun-mushkeri-aziya-chempionu-boldu



Добавить комментарий