Видео. "Дүйнө сулуусу-2018" сынагындагы таажы тапшыруу аземи

17 декабрь 2018 14:00 1223 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Дүйшөмбү күнү өткөн Таиланддын борбору Бангкок шаарында болгон "Дүйнө сулуусу-2018" сынагындагы таажы тапшыруу аземи интернет булактарга жарыяланды. Анда  Филлипиндик сулуу Катриона Грейге таажы тапшырылганын көрүүгө болот. 

Калыстар тобунун ар бир мүчөсү Азия, Африка, Европа, Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүнөн бештен катышуучу тандап алышкан. Ал эми таажы үчүн Түштүк Африка Республикасы, Филиппин, Непал, Вьетнам, Таиланд, Польша, Бельгия, Улуу Британия, Венгрия, Ирландия, Кюрасато, Коста-Рика, Канада, Пуэрто-Рико жана Ямайканын сулуулары ат салышты.

Ал эми Кыргызстандан сынакка Бегимай Карыбекова дагы катышып, тилекке каршы жарым финалга өтпөй калды. 



Ссылка: https://barometr.kg/video-djn-suluusu-2018-synagyndagy-taazhy-tapshyruu-azemi



Добавить комментарий