Видео. Депутат Махабат Мавлянова талаштуу пост боюнча жооп берди

21 мая 2019 17:44 3653 Barometr
Поделиться в:
ok


Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова келиндердин тойдо өтө ачык үлпөт көйнөгүн кийүүсү тууралуу кызуу талкуу жараткан посту тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

“Урматтуу ЖМК кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча депутат Махабат Мавляновадан соңку талаштуу посту боюнча жооп алып бердик. Эмне үчүн светтик өлкөдө кыз-келиндердин ачык кийими тескелиши керек? Ачык кийинүүгө тыюу салуучу мыйзам сунушталышы ыктымалбы? Мэрдин кеңeшчисинин сөгүнгөн реакциясына сиздин реакцияңыз кандай болот? – деген суроолорду узаттык”,-деп жазды ал өзүнүн постуна.

Эскерте кетсек, Мавлянова кыргыз келиндери ачык кийим кийүүдөн сактанышы керектигин соцтармактардын бирине жазган жана бул пикир учурда коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-deputat-mahabat-mavlyanova-talashtuu-post-boyuncha-zhoop-berdi



Добавить комментарий