Видео. Чолпон Талипбектин сүлгү оронуп алып ырдап бийлегени талкууга түштү

10 январь 2019 14:51 2035 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


"Нон Стоп" дуетинин мурдагы солисти Чолпон Талипбек бир жылдан бери өзүн жеке ырчы катары сынап келет. Анын акыркы жарыка чыккан клипи коомчулукта катуу талкууга алынып, ырчынын дарегине терс пикирлер жаап жаткан учур.

Клип көпчүлүктүн пикири боюнча кыргыздын менталитетине туура келбейт жана кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрүнө уят кылат.

Клип европа стилинде болуп, анда Чолпон Талипбек сүлгүгө оронуп ырдаган жана өзгөчө бийлеген. Бул калктын кыжырына тийип:

“ушул анан кыргыздын кызыбы”, “уят”, “жаңы формат”, “эл оозунда болуш үчүн сөссүз жылаңачтаныш керекпи?” деген өңдүү пикирлер ырчынын клипинин астынан орун алды.

Ал эми ырчынын чыныгы күйөрмандары жакшы калоо-тилектерин, пикирлерин жазып калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-cholpon-talipbektin-slg-oronup-alyp-yrdap-bijlegeni-talkuuga-tsht



Добавить комментарий