Видео. Чолпон Султанбекова Дүйнө чемпионатынын күмүш медалын уткан кубалык балбанга сыйлык тапшырды

17 сентября 2019 20:49 1611 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандын мурдагы вице-премьер министри Чолпон Султанбекова грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатындагы эң оор салмакта байге алган балбандарды сыйлоо салтанатына катышты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты мелдештеги эң оор, 130 кило салмакта күмүш медаль уткан кубалык Оскар Пино Хиндс’ке медаль такты.

Чолпон Султанбекова Бириккен күрөш ааламынын кошумча күрөш түрлөрү комитетинин мүчөсү катары салтанатка катышып жатканы уюштуруучулар тарабынан жарыяланды.

 Эске сала кетсек, Оскар Пино Хиндс чейрек финалда кыргызстандык балбан Мурат Рамоновду 6:4 эсебинде утуп алган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-cholpon-sultanbekova-djn-chempionatynyn-kmsh-medalyn-utkan-kubalyk-balbanga-syjlyk-tapshyrdy



Добавить комментарий