Видео. Борончу чек араны коргогону Баткенге жөө чуркап барды

19 сентября 2019 18:27 9817 Barometr
Поделиться в:
ok

Куудул Борончу Кудайбергенов социалдык тармактан чек арадагы жаңжалды чагылдырган азил видеосун таратты. Ал видеодо кээ бир атка минерлерди какшыктап чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун сунуштады.

Видеодо Борончу чек арага жөө чуркап бара жатканы тартылган. Ал эмне себептен чуркаганын азил-чыны аралаш, чуркоо бул кыймыл, ал эми кыймылдасаң көйгөй чечилет дейт.

Кудайбергенов “көп түкүрсө көл болот” деп Баткендик, Лейлектик баатыр элибизге моралдык жактан жардам көрсөтүп, чек арага ар бирибиз бирден бак тиксек, кийин бактар жыш өссө чек ара тосулуп, тынчтык өкүм сүрөт деп кээ бир атка минерлерди чымчып кетти.

Бул видео тууралуу интернет колдонуучулар “Алма өрүк тигип койбогула аны да талашып уруш болот, жийде тиккиле бетонный забор болуп калат 5 жылда”, “Күлбөгүлө, ыйлагыла!”, “Красавчик алга кыргызым!” деген сыяктуу ар кандай пикирлерин калтырышууда.


Ссылка: https://barometr.kg/video-boronchu-chek-arany-korgogonu-batkenge-zh-churkap-bardy



Добавить комментарий