Видео. Бокс. Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык мушкер Абдурахман атаандашын сулата чаап утуп алды
Кыргызстандык мушкер Абдурахман Абдурахманов бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешин жеңди.
Бул тууралуу жеринен Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында беттеште кыргызстандык мушкер толук артыкчылыкка ээ болду.
“69 кг самакта мушкерибиз Абдурахман 16/1 финалда Сербиялык Милан Вранкович менен кез келди. Биринчи эле бөлүктө демилгени колго алып, чабуулга басым койгон тактиканы колдонду. Бул ага ийгилик алып келди. Атаандашын сулата согуп, таза артыкчылык менен жеңип алды. Калыстар да бир добушта жеңишти биздин мушкерге ыйгарышты”, - деди машыктыруучу.
Эске сала кетсек, буга чейин кыргызстандык мушкерлер 81 кило салмакта Эркин Адылбек уулу, 57 кг самакта Мунарбек Сейитбек уулу рингге чыгышып алгачкы атаандаштарын жеңген. Ал эми 63 кг салмакта Арген Кадырбек уулу жеңилүү ызасын тартты.
Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча мааракелик XXV дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн келген 450дөй мушкер күч сынашууда.
Добавить комментарий ×