Видео. Бишкекте унаадан чыккан өрт заматта өчүрүлдү

4 января 2020 14:20 2985 Barometr
Поделиться в:
ok


Кечээ Бишкекте көчө боюнча унаа өрттөнүп, өрт өчүрүү кызматы тарабынан заматта өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя шаардагы Курманжан Датка көчөсүндө болгон. Жол четине токтотулган унааны жүргүзгөн учурда андан өрт чыккан. Өрткө каршы кызматына чакырык келип, кырсыкты четтетүүгө 1 өрт өчүрүү тобу чыгып, бир мүнөттүн ичинде жалынды өчүргөн.  Кырсыкта жапа чеккендер болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkekte-unaadan-chykkan-rt-zamatta-chrld



Добавить комментарий