Видео. Бир жыл мурда төрөгөн балбан-эне Наталья Воробьева дүйнө чемпионатын утуп алды

18 сентября 2019 22:11 4757 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир жыл мурда эле төрөп, кайра чоң спортко келген орусиялык балбан-эне Наталья Воробьева дүйнө чемпиону болду. 

Наталья ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпилонатында 72 кило салмактагылар арасында финалда украиналык Алина Бережная’ны утуп алды.

Ал ушуну менен дүйнө чемпионатын экинчи ирет жеңди.

Наталья Воробьева 2012-жылы Лондон Олимпиадасынын чемпиону, 2015-жылы дүйнө чемпиону болгон. 2016-жылы Рио олимпиадасынын күмүш медалын уткан. 2018-жылдын 2-июль күнү төрөгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bir-zhyl-murda-trgn-balban-ene-natalya-vorobeva-djn-chempionatyn-utup-aldy



Добавить комментарий