Видео. Белгисиз эркек көчөдө бараткан аялдардын төшүнө муштап чаап салган, аял эсен жоготуп бармактары сынган
Молдованын Кишинёв шаарында чак түштө белгисиз киши көчөдө басып баратып каршысында келе жаткан жашы өтүп калган кемпирди жана анын жанындагы өтүп бараткан жашыраак аялды болгон күнү менен төштөрүнө муштап өтүп кеткен. Аталган жагдай көчөдө жайгашкан видео камералардын бирине даана түшүп калган.
Эркек киши эки аялдын ортосунан өткөндүктөн ал бир учурда экөөнүн тең төштөрүнө чаап өтүүгө жетишкен. Окуядан көп өтпөй эле жашы өткөн аял эс учун жоготуп кулап түшкөн, ал 81 жашта экени айтылууда. Аял жерге кулаганда бармактарын да сындырып алган.
Учура видео соцтармактарга кеңири тарап, белгисиз эркек издөөдө. Айрым маалыматтарга ылайык, эркектин сүрөтү таанылганы менен анын аты-жөнү тактала элек. Укук коргоо кызматкерлеринин болжолу боюнча ал аталган кылмышка барган учурда мас абалда болушу мүмкүн.
Добавить комментарий ×