Видео. Бегимай Бекбоева ашыкча салмактан арыла албай жүрүп "самсы алып берчи" деп жалдырады

22 января 2019 12:42 8876 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Бегимай Бекбоева акыркы 1-2 жылдын аралыгында сахнадан алыстап ашыкча салмак кошуп алган эле. Бул тууралуу ырчы өзү да интернет баракчаларында такай айтып келет. Бирок жаңы жылдан баштап чыгармачылыка катуу киришип журналист Максат Анарбек менен иштешип жана арыктоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу айтканы бар.

Максат Анарбек өзүнүн жеке интернет баракчасына Бекбоеванын “самсы” жейинчи деп жалдырап жаткан видеосун жүктөп элди таң калтырды.

Видеонун баяндамасына:

“Эрке адамды кантип арыктатса болот достор? Бегимай менен менеджер катары иштеше баштагандан тартып камыр тамактарынан баш тарт деп жатам. Бирок Бегимай камырдан жасалган тамактарды жакшы көрөт экен. Арыктачы” –деп жазды.

Видеону көргөн көпчүлүк “бул толгон эмес бул шишик”, “токчулукту символу”, “минтип отурсаң арыктабайсың” деген өңдүү пикирлерди жазып калтырышты. Айрымдар кантип арыктоо тууралуу кеңештерди бере кеткенге да жетишишти.

Ссылка: https://barometr.kg/video-begimaj-beboeva-ashykcha-salmaktan-aryla-albaj-zhrt-samsy-alyp-berchi-dep-zhaldyrady



Добавить комментарий