Видео. Баткенде кесипкөй мушкер Акжол Сулайманбек уулуна унаа белек кылышты
Поделиться в:
Кыргызстандык мушкер, кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia версиясы боюнча 4 жолку чемпиону, Баткенден чыккан алгачкы кечипкөй мушкер Акжол Сулайманбек уулуна Баткен шаарынын көрүнүктүү инсандары жана Кызыл-Жол кварталынын жаштары унаа белек кылышты. Бул тууралуу мушкер “Barometr.kg” сайтына өзү билдирди.
Акжол жакында эле биздин сайтка кенен маек берип, учурда кичи мекени Баткенде эс алып жатканын, машыгуусн улантаарын, тажрыйбалуу мушкерлер менен иштешип, чеберчиликти дагы да арттырып, эң башкы максат – дүйнө чемпиону болуу экенин айткан.
Добавить комментарий ×