Видео. Балбан-депутат Тазабек Икрамов Байпакбаев менен мушташа кете жаздады
Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкекти каптаган түтүн маселеси боюнча талашта депутат Тазабек Икрамов менен Экмат Байпакбаев мушташа кете жаздады.
Келишпестик баш калаадагы кара түтүн маселесин караш керекпи же жокпу деген тартыштан чыкты.
«Бишкектеги абанын кирдөө деңгээлин азайтуу боюнча чаралар тууралуу» токтом долбоорунун демилгечиси Мирлан Маматалиев маселени көтөрүп чыкты.
Бирок, депутат Кожобек Рыспаев документ профилдик комитет тарабынан карала электигин айтып, регламентти бузбай маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.
Парламент абанын кирдеши тууралуу маселени карап чыкканча, жаз келет деген Марлен Маматалиев буга макул болбой койду. «Сиздердин балдар ушул аба менен дем алып, анан оорушат», — деп ал кесиптештерин ынандырууга аракет кылды.
Деген менен комитет мүчөсү Экмат Байпакбаев маселе комитетте бир нече жолу карлганын айтып, бүгүн кароонун зарылдыгы жоктугун айтты эле балбан-депутат Тазабек Икрамов чыгып, маселени караш керек деди.
Жыйынтыгында Икрамов Байпакпаевди түртүп, экөө мушташа кете жаздады.
Ссылка: https://barometr.kg/video-balban-deputat-tazabek-ikramov-bajpakbaev-menen-mushtasha-kete-zhazdady
Добавить комментарий ×