Видео. Аял жүрүп бара жаткан автобустан шашып түшүп кетип мерт болду
Бөлүшүү:
Казакстандын Жамбыл областынын Узун-Агаш айылында жүрүп бара жаткан автобустан кулап кеткен аял каза тапты. Бул тууралуу Almaty.tv кабарлады.
Монголияда жашаган, түбү казакстандын 47 жаштагы Жайнагүл Халык элин сагынып эс алууга келген. Туугандары менен автобуста келе жатып Узун-Агаш айылына бурулган кезде күндүн ысыгынан улам ачык бара жаткан эшиктен шашып түшүп кеткен. Түшкөн жерде башы ташка тийип каза тапкан. Маркумдун артында эки уулу калды.
Айдоочу унааны жай эле айдап келе жатканын айтууда.
Алмата областтык полициясы тергөө иштерин баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ayal-zhrp-bara-zhatkan-avtobustan-shashyp-tshp-ketip-mert-boldu
Добавить комментарий ×