Видео. "Атың өчкүр кредит" клибин Кайрат Нуртас "Уят!" деп атап ырчылар ортосунда пикир келишпестик жаралды

23 мая 2019 09:59 3147 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Буга чейин казактын “Бакай” жана “Азия” топторунун ортосунда ырдалып, өзгөчө клип тартылган “Атың өчкүр кредит” клиби тууралуу жазганбыз.

Аталган клип көпчүлүктүн кыжырын келтирип, айрымдар ага “казактын аброюна шек келтирип жатат” деген баа беришкен. Бул жагдай боюнча белгилүү ырчы Кайрат Нуртас да оюн билдирген. Ал абдан кыжыры келип жатканын айтып, клипке да ырга да уят деген пикирин билдирген. Өз сөзүндө:

“Насыя албай эле жакшы эс алып, жашап жатабыз го. Кредит деген эмне жигиттер, уялсаңарчы кичине. Ринат досум бол, башкам бол, бирок чындыгында мактанууга арзый турган ыр чыгаргылачы. Негизи айтпай эле коёюн дегем, бирок”, -деп ачуулана сүйлөп жаткан видео тасмасы Инстаграм барактарына тараган.







Бул жагдай боюнча ырдын аткаруучулары да өз пикирлерин билдиришти. Алардын бири:

“Кайрат менен Ринат дос болгондон кийин балким ал тамашалап айткан болушу мүмкүн, досуна тийишип жатса керек да”, -деди.

Дагы бири Кайрат менен күйөө балам, ал биздин уруудан кыз алып олтурат. Казактын баары бири-бирине тууган, куда, дос болотго бул тамаша болушу керек деп таарынычы жок экенин айтууда.

Ал эми “Азия” тобунун ырчысы:

“Кайрат келип бетме-бет сүйлөшкөндө бир нерсе айтат чыгаар. Тамаша болсо тамаша экенин айтаар, билбей эми”, -деп таң калып турганын жашырган жок.

Белгилей кетсек Кайрат Нуртас жубайы Жылдыз менен кезектеги эс алуу күндөрүн Турцияда өткөрүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/video-aty-chkr-kredit-klibin-kajrat-nurtas-uyat-dep-atap-yrchylar-ortosunda-pikir-kelishpestik-zharaldy



Добавить комментарий