Видео. Ашыкча ачык кийинүүдөн уялбаган кыргыз кызы Бегимай кайрадан көңүл чордонунда
Бир канча дүйнөлүк сулуулар сынактарынын катышуучусу, фото модель, "Мисс Кыргызстан" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова дайыма көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп келет. Бул жолду ал өздүк баракчасына бикини кийип түшкөн видеосун бөлүшүп сынга кабылды.
Чындыгында модель буга чейин да бир нече ирет ачык кийинген сүрөттөрү менен бөлүшүп сынга калса да сынбай кайрадан ошол багыттагы сүрөттөрүн, дене мүчөсүн көрсөтүүдөн уялбай келет.
Талкууга алгандардын басымдуу бөлүгү Карыбекованы абдан ачык кийинип жүрөт деген пикирлерин билдиришип, бул адаттар динге да туура келбеген жорук экенин айтышууда. Ал эми айрымдар Бегимайдын арыктыгына кам санашып, аны эч кандай оору менен оорубайт беле дегенге да жетишишти. Албетте моделди колдогондор да жок эмес.
Белгилей кетсек Бегимай Карыбекова учурда Москва шаарында.
Добавить комментарий ×