Видео. Ардагер балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге утту
Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Чынарбек Изабеков ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.
Финалдык беттеште Иран балбаны Али Аббас Шехре менен беттешип, 1:2 эсебинде жеңишти алдырып койду.
Бул тууралуу жеринен машыктыруучу Табалды уулу Сүймөнкул “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, атаандаш физикалык жактан бир аз үстөмдүк кылган.
“Финалда негизи Чынарбек Изабеков активдүү күрөштү. Дайыма чабуул жасап атты. Бирок атаандаш физикалык жактан бир аза күчтүүрөөк болуп калды. Анткени Изабеков жарым финалда дагы бир ирандык балбан менен оор беттеш өткөрүп, көп күч жумшап койгон болчу. Ошондуктан баш байге үчүн күрөштө толук мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды”, - деди машыктыруучу Табалды уулу Сүймөнкул.
Ардагер-балбандардын дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жатат.
Эске сала кетсек, бул чемпионатта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев “Е” категориясында 55-59 жаш курактагылар арасындагы 78 кило салмакта дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль утту.
Буга чейин “Е” категориянын 88 кило салмагында Бердигул Караев күмүш медаль уткан. Ал эми мелдештин “В” категориясынын 78 кило салмагында Билимбек Капарбек уулу күмүш байге тагынган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ardager-balban-chynarbek-izabekov-djn-chempionatynan-kmsh-bajge-uttu
Добавить комментарий ×