Видео. Айпери Кулбаевага ТҮРСОЙдун башчысы Дүйсөн Кусеинов өзү туруп кол чаап гүл десте сунду

22 апреля 2019 16:36 15965 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Ырчы Айпери Кулбаева ырдап жатканда ТҮРКСОЙдун башчысы Дүйсөн Касеинов туруп кол чабып, ага гүл сунду. Бул тууралуу маалыматты Barometr.kg сайтынын кабарчысы билдирди.

"Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанаттуу иш чаранын алкагында Ош мамлекеттик универстетинде “Байыркы Ош – цивилизациялардын чордонунда”  аттуу Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык илимий- практикалык конференциясы болду. Окумуштуулардын баяндамалары аяктагандан кийин ырчы Айпери Кулбаева келген меймандарга казакча ырдап берди. ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсөн Касеинов залдагы элге кол чаптырып, ага гүл десте белек кылды.

Видеодо Касеиновун ырчынын талантын баалап, берилүү менен туруп алып угуп жатканын жана башкаларды да кол чабууга үндөп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, залкар комузчу жана ырчы маркум Мыскал Өмүрканова Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 2-декадасындагы жыйынтыктоочу концертте обон созгондо Никита Хрущев тура калып кол чаап, басып келип, кайра-кайра ырдаткандыгы тууралуу айтылып келет.

Көчүлүк Айпери Кулбаева менен болгон жагдайды да дал ушундай баалашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ajperi-kulbaevaga-trsojdun-bashchysy-djsn-kuseinov-z-turup-kol-chaap-gl-deste-sundu



Добавить комментарий