Видео. Жанин Айчүрөк Иманалиевага: "Cуицид болсом сиз күнөөлүүүз" деп ыйлаган видео тарады

24 мая 2019 13:14 19077 3 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Жанин Ахунжанова буга чейин Айчүрөк Иманалиева тууралуу айрым кептерди айтып, мен эженин үйүндө жашап жүргөндө кордук көргөм деп айткан эле.

Аталган интервьюдан кийин Айчүрөк Иманалиева баарын четке кагып, “андай нерсе болгон эмес” деп аябай жинденип жатканын билдирген. Ал ортодо Жанин Иманалиевага байланышка чыгып кечирим сураган. Ал эми Айчүрөк Иманалиева ал телефондук сүйлөшүүнү өзүнүн инстаграм баракчасына чыгарып жиберген.

Анда Ахунжанова:

“Гүлшайыр (Садыбакасова) эженин урматы үчүн кечирим сурайм”, -деп айткан.

Бул жагдайды тактоо үчүн Barometr.kg редакциясы ырчыга чалып байланышканда ал:

“Мен баарын өзүм кайрадан ачыктайм. Чындык баари бир чыгат. Менден улуу инсандар орозонун күнүндө кечирим сура дегени үчүн гана байланышка чыктым”, -деп күтө турууну суранган эле.

Бирок Айчүрөк Иманалиева кайрадан Жаниндин чалып, болгондо да ыйлап “өлүп алсам сиз күнөөлүү болосуз” деп жаткан сүйлөшүүсүн жаздырып алып аны баракчасынан бөлүштү.

Видеодо Жанин Ахунжанованын ыйлап:

“Сиз мени дайыма кордочусуз. Канча жолу кечирим сурадым. Сиз адамды адам ордунда көрбөйсүз. Мен сүйлөй турган болсом жаман болот. Мен суицидге бара турган болсом сен күңөөлүүсүң эже. Мен эч качан жалган сүйлөгөн эмесмин. Дагы эмне каалайсыз”, -дегенин угууга болот.

Айчүрөк Иманалиева бул тууралуу:

“Бул аял эмнеге эле мага асылып калды?! 25 жылдан бери көргөн да эмесмин! Менден болгону 7 же 8 жаш кичүү болушу мүмкүн. Мага башка ютубка башка сүйлөйт. Мунун ыйлап сүйлөгөнү да калп. Мени балам экөөбүздү дагы жамандап интервью бериптир. Ошондуктан койдум туура түшүнүңүздөр. Көп артисттерди жамандап, бара турган жерим жок, өлүп алам деп келгенинде мен 23-24 жаштарда элем, жаш болгондуктан айтканына ишенип, боорум ооруп үйгө киргизгем. Ортобузда ырдатам, ырчы кылам деген сөз да болгон эмес! Төрт жыл эмес, төрт айда үйүмдө жашаган жок. Мен мындай ырчыга муктаж эмес болчумун, өзүмдүн тобум түптөлүп калган эле. Психикасы туруктуу эмес айымдын куралдуу күчтөрдө иштеп, курал алып жүрүүгө уруксат алганы коомчулукка өтө чоң коркунуч жаратат. Баламын балакетин алган... Бул аялга деги менден эмне керек?! Ырдамак тугул бийлей бер айланайын.”, -деп кайра эч кандай маани бербей турганын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ajchrk-imanalievadan-korduk-krgn-zhanin-emi-suicid-bolsom-siz-knlzsz-dep-yjlagan-video-tarady



Добавить комментарий

  • Барометр вы че теперь как супер инфо??? Это ктоооо? что это такое ! ХЗ кого вы набрали в редакцию но фигню пускаете полную.....
  • Чоон эле аял , эмнеге жабыштын,, олсон озуно, Анжелика экоо биригип алса керек, ее наводка наверное, алкыш айтышынар керек ал эжеге, бессовестные
  • Бул аялды чындыгында еч Ким тааныбайт болуш герек кайдан чыкты чыкканда да ызы чуу мн элгэ таанылды уят еле. Айчурок эжэни Кыргыз эли жакшы еле тааныйт. Ит уро берет кербен журо берет жол белден чыккан иттерге конул бурбаныз... ))))