Видео. 28 унаа бир учурда кагылышып, катуу өрт чыкты

29 апрель 2019 12:04 7068 Barometr
Бөлүшүү:
ok


23 жаштагы айдоочунун кесепетинен 4 жүк унаасы жана 24 жеңил унаа бир учурда кагышты. Бул тууралуу news.com. кабарлады.

Кырсык АКШнын Колорадо штатында Денвер шаарынан анча алыс эмес жерде болду. Авариянын кесепетинен өрт чыгып кеткен.

Төрт адам каза таап, алты киши оор күйүк алып бейтапканага жеткирилди.

Кырсыкка Техас штатынын тургуну 23 жаштагы Рошель Лазаро күнөөлүү болгон. Ал тыгында турган учурда жүк унаасын катуу ылдамдыкта айдап жиберген.

Жергиликтүү полиция окуяны “үрөй учурган коркунчутуу кырсык” деп сүрөттөөдө. Жол кырсыган улам штаттар аралык  I-70 автомагистралы бир күн бою жабык турду.

Ссылка: https://barometr.kg/video-28-unaa-bir-uchurda-kagylyshyp-katuu-rt-chykty



Добавить комментарий