Мирлан Бакиров балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү сунуштады

3 октября 2019 11:02 2366 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү сунуштады.

Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтты.

Айсулуу Тыныбекованын алтын байгесин алууга машыктыруучу Нурбек Изабековдун эмгеги ат көтөргүс экенин депутат белгилейт. Президент куттуктап үй белек берип, чоң колдоо көрсөттү. Эми эстафетаны Өкмөт алып машыктыруучусуна батир берүүсүн сунуштады.

 “Күлүктү саяпкер таптайт. Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси бул Кыргызстан үчүн чоң жеңиш. Буга дээрлик 10 жылдай убакыт, мээнет кеткенин өзүлөрү айтып келишет. Президент куттуктап, үй белек берип, чоң колдоо көрсөттү. Эми эстафетаны Өкмөт алып машыктыруучусуна батир бергиле. Бул алдыда Олимпиадада да зор жеңишти камсыздоого стимул болот. Кыргызстанга Олимпиаданын алтын байгасин утат деген чоң үмүттүн акталуусуна кошкон салымыңыздар болот”, - деп депутат Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эсебинен Айсулуу Тыныбекованы дүйнө чемпиону болгону үчүн Бишкектен үч бөлмөлүү батир берген эле.  

Ссылка: https://barometr.kg/vice-spiker-mirlan-bakirov-balban-kyz-ajsuluu-tynybekovanyn-mashyktyruuchusu-nurbek-izabekovgo-batir-bern-sunushtady



Добавить комментарий