Жогорку Кеӊештин кызматкелеринин балдарына уюштурулган балаты майрамы филармонияда өттү
Жогорку Кеӊештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлеринин балдарынын урматына уюштурулган жаӊы жылдык балаты майрамы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 2019-жылдын 29-декабрында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Театрлаштырылган оюн-зооктор коштогон балаты майрамынын алкагында бөбөктөрдү Жогорку Кенештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров куттуктады. Жогорку Кеӊештин Төрагасынын жана депутаттардын куттуктоосун майрам ээлерине жеткирген Мирлан Бакиров:
«Ар бирибиз алдыдагы жаӊы жылды жакшылыкка жооруп, байгерчилик, кут-береке, ынтымак алып келген ак жолтой жыл болсун деген тилек менен жаӊы жыл тосуу камылгасын көрүп жатабыз. Андыктан, баарыӊыздарды Жогорку Кеӊештин Төрагасынын жана депутаттардын атынан куттуктап, жаамы журтубузга бактылуу жашоо каалайм. Чычкан жылы кут-берекенин, ырыскынын, чындыктын, өнүгүүнүн жылы болсун. Ал эми, бүгүнкү балаты майрамынын көркү болгон бөбөктөрүбүз келечекте экономикасы бакубат, билим менен маданияты өнүккөн, экологиясы таза мамлекетте өмүр сүрүшсүн.
Жаӊы жылыӊыздар менен! -деп, жалпы элди куттуктады. Жыл сайын салт катары калыптанып калган балаты майрамы Аяз ата менен катар балдар жана өспүрүмдөрдүн республикага таанымал чыгармачыл топторунун ыр-бийлери, театрлаштырылган жомоктору менен коштолду.
Ссылка: https://barometr.kg/vice-spiker-mirlan-bakirov-balaty-majramyna-keldi
Добавить комментарий ×