Жеңиш Разаков: финпол экономикалык, коррупциялык кылмыштарды ачыктоого өзгөчө көңүл буралбай жатат
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйынына катышкан вице-премьер Жеңиш Разаков жетиштүү иш жүргүзүлгөн эмес деген тыянак чыгарды.
Жыйында айтылган маалыматтарга таянсак, 2018-жылы финансылык полиция органдары тарабынан ачыкталган укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 млрд 351,6 млн сом кайтарылган. Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 435 млн сомдон ашуун каражат которулган.
Жыйынтыкты уккан Жеңиш Разаков «коррупциялык жана экономикалык кылмыштардын иш жүзүндөгү абалы жана масштабы баарыбызга белгилүү. Эмне себептен финансылык полиция органдары тарабынан анын деңгээлин кыскартуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй жаткандыгы түшүнүксүз бойдон калууда», - деп белгиледи.
Жеңиш Разаков өлкө жетекчилигинин коррупцига жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү күчтөндүрүү боюнча талаптарынын шартында финансылык полиция органдарынын ишине жалпысынан оңдуу баа берүүгө мүмкүн болбой жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ал тармактын кызматкерлери экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды ачыктоого өзгөчө көңүл буруусу керектигин айтты. Жетекчилик кызматка талапкерлерге карата андан да катаал талап коюлушу кажет. Жетекчилер өз кол алдындагылардын аракеттери жана жетектеген түзүмдүн иш жыйынтыгы үчүн реалдуу жооп берүүсү керек», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Жеңиш Разаков финансылык полициянын аймактык органдарынын ишиндеги кемчиликтерге, өзөгөчө, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана КММ аткезчилик кылуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы кемчиликтерге токтолду. Мындан тышкары, финансылык полициянын өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ички көзөмөлгө алууну камсыздоо боюнча жетишсиз иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.
Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, жаңы мыйзамдардын жана кодекстердин күчүнө кирүүсүнө байланыштуу финансылык полиция органдары мыйзамдардын ийгиликтүү иштөөсү жана андан ары карай өркүндөтүлүшү үчүн бардык шарттарды түзүүсү тийиш.
Добавить комментарий ×