Ат-Башыга курулчу логистикалык борборго мектеп дагы салынат

24 январь 2020 20:16 3504 35 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Нарын облусунун Ат-Башы районунан жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп беришти. 

Замирбек Аскаровдун айтымында, долбоорлордун жалпы сметалык наркы 289 млн АКШ долларын (19 миллиард сом) түзөт. Бул каражат эч кандай насыяга, карызга алынган жок, инвестордун накталай акчасы. Акча каражатынын бардыгы инфраструктуралык курулуштарга жумшалат. 

«Индустриалдык-соода-логистикалык борбордо бажы, логистикалык зоналары, соода жүгүртүүчү аймак жана өзүнүн борборлоштурулган жылытуу, жарык берүү системасы болот.  Мындан тышкары шаарчада эмгектенгендер жана жергиликтүү эл үчүн спорт комплекстери, мектептер, медициналык корпустар курулат», - деди Замирбек Аскаров. 


Муну менен катар вице-премьер-министр өкмөт долбоорлорду жүзөгө ашырууда экология маселесин катуу көзөмөлгө аларын белгиледи. 

«Өкмөт жылытуу жана жарык берүү системасына жашыл технология - күндүн энергиясын пайдалануу, канализация системасында калдыктарды чыгарбай турган технологияны колдонуу талабын коюуда. Президент электрондук автоунаа каражаттарына өтүү боюнча маселени караштыруу тапшырмасын берген. Ага ылайык, бул логистикалык борбордо  электромобилдер чыгарылат жана башка өндүрүш ишканалары ачылат», - деп белгиледи Замирбек Аскаров. 

Ошондой эле вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары жана тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери логистикалык борборго байланыштуу чыгып, чек ара, жумушчу орундары боюнча берилген суроолорго жооп беришти. 

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги бажы бекети бир метр ары да, бери да жылбайт. Ал эми индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук жана карапайым калк үчүн жашыруун эч нерсе жок. Борбордо 15 миң жумушчу оруну түзүлөт. Алардын 90% пайызы Кыргыз Республикасынын жарандары болот. Калган 10% жумушчуларды окута турган адистер. Алар Кытай Эл Республикасынан гана эмес, Европадан келе турган адистер болот», - деп кошумчалады вице-премьер-министр. 

Жолугушуунун соңунда Замирбек Аскаров тармактык органдарга индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча «Нарын» эркин экономикалык аймагы жана «Ат-Башы» Кыргыз - Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишим менен жергиликтүү элди тааныштыруу үчүн облустук, райондук администрацияларда шарт түзүүнү камсыздоо тапшырмасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/vice-premer-ministri-zamirbek-askarov-naryn-oblusunun-bashy-rajonunan-zhergilikt-el-menen-zholugushtu



Добавить комментарий

  • Эч качан курулбасын каршымын
  • каршымын.
  • Токтомдо моонотсуз деп турат. Мен каршымын
  • Атбашынын эли кечээ сиздер акырында колдоп, ыраазычылыгыныздарды билдирдиниздер, ошончо баргандан кийин таптакыр каршы турсаныздар болмок.
    • Башка улут болсо мейли эле.деги ушул Кытай менен иштешпей эле койгулачы атка минерлер.кимиң кепилдик бересиңер?? эртең ошо Кытай каалаганын кылбайт деп?ушунча акча салып атып
  • Эч качан маакул болбогула бул деген кайра кайтып келбейт. Кытайга болгон карыска беришсе керек...
  • Кылтылдап кыргыздын койнуна кирип келе жатат Кытай СТОП Эмнеге башка жерге Курбай Мисалы Ысыккөл Талас Баткенге курса болбойбу Бир чооң нерсе бар бул жерде ээн талаага куруш максаттын
    • Кумтордун тарыхын эстен чыгарбашыбыз керек. Кыргыздар озубуз ошондой центр ачканга убакыт келер 🙏🙏🙏🙏
    • Самат сен эн туура айттын. Эмнеге именно Ат Башыда курулуш керек. Мен каршымын!!!!
    • Самат сен эн туура айттын. Эмнеге именно Ат Башыда курулуш керек. Мен каршымын!!!!
  • Сегизбек 5 лет назад
    Каршыбыз
  • Атбашынын ар бир айыл окмотунон чынчыл,активдуу, мекенчил жарандарынан турган комиссия тузулуп,келишим документтерин кылдат карап чыксын,андан сон иш буткондон кийин дагы алар контролдоо укугун толук сактап калгыдай орган болушу зарыл.Антпесе бийликке да бир ууч дужурлорго да ишенуу кыйын,кадырлуу элим.
  • Он жылча мурун кытайлар ошол жактагы "Арпа",Ак-Сай"деген жерлерге тымызын басуу жазаганда байкуш карапайым жергиликтуу Эл чыгып токтотуп алып калыптыр эле,Эми официалдуу турдо экспансия кылып жаткан тура кытай ....Каршыбыз!
  • Элди мектеп кошо курулат деп алдабай эле койгула,каршымын. Бир карыш да жер берилбесин
  • ооз менен эле айта бербей ошол келишимдердин ар бир болугуно чейин коргозуп беришсинчи.
  • Керимкул 5 лет назад
    Мен аябай каршымын. Бир кытайдын башы батып Ат башыда иштей турган болсо артынан 15 миң кытай келди дей бергиле. Биздикилер болсо колун жайып билбеппиз деп туруп беришет. Бирок а кезде кеч болуп калат. Ойлон Кыргыз ойгон Кыргыз!!!
  • Каршымын. АтБашы элинин жашоосун бузбагыла.Кытайдын карызынан качан кутулуштун ордуна дагы карызга кирбегиле.
  • Мыктыбек 5 лет назад
    Каршымын курулбасын,
  • Каршымын.
  • Мен дагы каршымын
  • Калыйбубу 5 лет назад
    Курдурман тургай киргизбеш керек
  • Бейшегул 5 лет назад
    Жок мен да каршымын курулбай эле койсун ушинтип жатып кытайга жерибиз элибиз берилип кетет
  • Бейшегул 5 лет назад
    Биз каршыбыз дегенибизге болбой курулса Нарын эли бутундой калайык котрулот болуш кк Ат башы эли логистикалык центр жок эле бай элдери кен пейил ошол эле жетет карапайым элге
  • Кытайлыктарга курууга бербешибиз керек. Каршымын.
  • Каршымын кытайдан башка мамлекет болсо жакшы болмок.Биздин окмот ойлонсо болмок ушунча эл каршы болуп жатканын коруп,акчага кызыкбай акчаданда адамдардын конулун ойун карашса болмок Кыргыз эли Кытай менен мамиле кургулары келбейжатат ушуну кантип тушунбой жатасынар аткаминерлер.
  • Каршымын!!!!!!!
    • Каршымын куруулуга.Кытай алдап жатат.Мунун ары жагында бир балаа бар.Чондор силер даана келесоо экенсинер.🤔😎🙄
  • Жылдызбек 5 лет назад
    Оой ошентип алдагыла дагы елди емне мынча Жан талашып еле жатышат кытай кирди болду чыкпайт кайра солтон сарыдагы еле окуя емне болду еле кайра Кыргыздарды ташбаранга алып олтуруп койо жаздады еле коой ишенбегиле калайык калк
  • Бектурсун 5 лет назад
    Каршымын
  • Каршыбыз
  • Мен каршымын
  • Жыргалбек 5 лет назад
    таптакыр каршымын
  • Башка олко курса макул элем ,а кытайга каршымын. Алар ошентип отуруп ал жерди кийин биротоло ээлеп плат.
  • Куруш керек.болбосо Аксыга курсун.биз коркпойбуз.
  • Каршыбыз