Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: "Өкмөт өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө табиятты натыйжалуу жана кылдат пайдалануу милдеттерин коёт"
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Жашыл экономика: Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү прогресси жана келечектери» форумунун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын жанаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү» Концепциясын аткаруу үчүн кыска жана орто мөөнөттө жашыл экономика принциптерин киргизүүбоюнча программаларды иштеп жатат. Жашыл экономика аркылуу экономиканын үнөмдөөпринциптерин колдонуу менен таза, ошондой эле өзгөчө таза технологиялар алдынкы плангачыгарылат. Ушундан улам Өкмөт өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө табиятты натыйжалуу жанакылдат пайдалануу милдеттерин коет», - деди Замирбек Аскаров.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баса белгилегендей, эл аралык тажрыйбага ылайык, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү ал тең салмактуу аймактык саясатка ээ болгон кезде гана камсыздалат.
Ал өз сөзүнүн соңунда белгилегендей, Өкмөт жашыл технологияларды киргизүү мененинвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда коңшу өлкөлөрдөгү пикирдештер үчүн ачык.
Добавить комментарий ×