Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевке коронавирус жукту
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевке коронавирус жукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып «Барометр» билдирет.
«Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет. Парламентке Эркин Асрандиев келбейт. Анын анализинен вирус табылды», - деп айтылат маалыматта.
Өкмөттүн маалыматында, вице-премьер-министр аралыктан иш алып барууда, абалы жеңил өтүүдө.
Өкмөттүн аппарат башчысы — Таалайбек Темиралиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдор дагы ант берүү аземине катышпайт. Алар Эркин Асрандиев менен байланышта болгондуктан, обочолонушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/vice-premer-ministr-erkin-asrandievke-koronavirus-zhuktu
Добавить комментарий ×