«Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы бекитилди

11 июня 2020 17:22 652 Barometr
Поделиться в:
ok

«Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы бекитилди. Тиешелүү токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Бул программаны ишке ашыруу экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого, ишкердик субъекттерин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоого багытталган.

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу ишке ашырылат:

- туризм;

- жеңил өнөр жайы;

- фармацевттик өнөр жай;

- жүк ташуулар;

- өндүрүштүк жана кайра иштетүү өнөр жайлары, агроөнөржай комплекси ишканаларын кошо алганда;

- кайра иштетүү өндүрүшү, тоо-кен өндүрүшүнөн тышкары.

Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында жеңилдетилген кредиттер салыктык жол-жоболорду санариптештирүү компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, товарларды маркировкалоо) колдонгон кичи жана орто ишкерлик субъекттерине, тармактар боюнча, биринчи кезекте, тейлөө көрсөтүү жана чекене тармагына, чектөөсүз берилет.

Мындан тышкары, өнөр жай, иштетүү, кайра иштетүү ишканалары үчүн кредиттерди кайра каржылоо жана каржылоосу күрөөсүз негизде жүргүзүлчү кичи ишкердикти колдоого алуу каралууда.

Коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар керектөөчү кредиттерден тышкары, кичи ишкерликти тармактар боюнча чектөөсүз түрдө күрөөсүз негизде насыялайт.

Ссылка: https://barometr.kg/vice-premer-ministr-22-25-iyundan-tarta-ishkerlerdi-karzhylap-bashtajbyz



Добавить комментарий