Вьетнамда окуучу кыздан кан аралаш тер чыкты. Ал сейрек кездешүүчү дарттын бир түрү экен
Вьетнамда сынакка даярданып жаткан окуучудан кан аралаш тер чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Мындай кан аралаш чыккан тер окуучунун айтымы боюнча биринчи эле жолу эмес, буга чейин дагы болгон. Алгач кан аралаш суюктук чыкканда дарыгерлерге кайрылса, тери инфекциясы деп диагноз коюшкан. Кандай дарыласа дагы жыйынтык чыкпагандан, кайра текшерүүдөн өткөрүп, сейрек кездешүүчү оору менен ооруй тургандыгын табышты. Мындай, "гематидроз" деп аталган сейрек кездешүүчү оору менен 10 миллион адамдын бири ооруйт. Ал окумуштуулардын айтымында, стресстен, коркуудан жана катуу толкундануудан улам пайда болот.
"Гематидроз" өтө сейрек кездешкен оорулардын бири болгондуктан окумуштуулар илдеттин жаралуу механизмин изилдеп чыгыша элек. Бирок, өмүргө коркунуч туудурбайт деп далилдешкен.
Добавить комментарий ×