Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

9 сентября 2021 16:10 1077 Barometr
Поделиться в:
ok

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган чечим Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды мындан ары бекемдеш үчүн кабыл алынды.

Документке ылайык, Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги Будапешт шаарында жайгашмакчы.

Министрлер кабинетине элчиликтин ишмердигинин каржылык жана уюштуруу маселелерин чечүү тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/vengriyada-kyrgyzstandyn-elchiligi-achylat



Добавить комментарий